Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Өзгөчө абал

ӨЗГӨЧӨ АБАЛ – мамлекеттик бийлик органдарынын жана ишканаларды, мекемелерди жана уюмдарды башкаруу ишмердиктеринин өзгөчө укуктук тартиби. Мында атайын мыйзам менен жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө жол берилүүсү, ошондой эле аларга кошумча милдеттенмелер жүктөлүүсү мүмкүн. Ө. а. убактылуу чара болуп саналат, жарандардын коопсуздугун жана республиканын конституциялык түзүлүшүн коргоону камсыз кылуунун кызыкчылыктарында, мыйзамдуулукту жана укук тартибин калыбына келтирүү менен жарандардын коопсуздук коркунучун жоюу жана аларга зарыл жардамдарды көрсөтүү менен абалды тезирээк нормалдаштыруу максатында гана киригизилиши мүмкүн. Ө. а. табият кырсыктары, ири кыйроолор, жугуштуу дарттар, эпизооткалык илдеттер кеңири таралаганда, конституциялык түзүлүшкө түздөнтүз коркунуч туудурган зомбулук жана адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирүүлөр менен коштолгон жагдайларда киргизилет. КРдин бүтүндөй аймагына Ө. а-ды КР ЖК гана киргизе алат. КРдин айрым аймактарына Ө. а-ды ал тууралуу токтоосуз КР ЖКга билдирүү менен, КР Президенти киргизүүсү мүмкүн.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: